Site icon Reporter.kg

«Окуу китеби» басма үйүнө жаңы жетекчи дайындалды

Айнура Чокморова «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жаңы жетекчи 3-апрелден тарта 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалган.

41 жаштагы доцент Айнура Чокморова буга чейин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Чет тилдер” кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келген.

Exit mobile version