Site icon Reporter.kg

Окуучулар Балиде өткөн эл аралык олимпиадада 4 медаль утушту

Кыргызстандык 4 окуучу Балиде өткөн International Junior Math Olympiad (IJMO) сынагында алдынкы орунга ээ болушту. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Маалыматка караганда, математика боюнча олимпиадага 24 өлкөдөн 1 миң 6 бала катышты.

Кыргыз окуучулар 1 алтын, 3 коло медаль алышты. Биринчи орунду Тилек Нурмаматов ээледи.

Белгилей кетсек, IJMO – дүйнөнүн алдынкы университеттери тарабынан кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version