Баткен облусунун Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүндө Өрүк-Зар айылындагы орто мектептин окуучуларынын катышуусунда болгон жол кырсыгына байланыштуу аппараттык кеңешме өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кеңешменин жыйынтыгында “Өрүк-Зар” орто мектебинин директору А.Алимбаевге эскертүү берилип, директордун тарбия иштери боюнча орун басары А.Калбаев, социалдык педагогдор А.Коргонова менен Г.Сабирова ээлеген кызматынан бошотулду. Ал эми 9-а-б-класстарынын класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы иштен алынды.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-июнунда Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары Hyundai Porter унаасы менен жол кырсыгына кабылган.
Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы менен виньеткага сүрөткө түшүп, андан соң Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасында сүрөткө түшүү үчүн бара жатышкан. Унааны 9-б классынын жетекчиси А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо унаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.
Кырсыктан 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз