Site icon Reporter.kg

Окуучуларга сабак маалында смартфон колдонууга тыюу салуу демилгеленүүдө (ВИДЕО)

Ар бир класста окуучулар сабакка кирип бара жатканда атайын кутучуларга  смартфондорун салып, кайра сабактан кийин алып кете тургандай мыйзам долбоорун сунуштаганы жатканын билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов.

Анын айтуусунда, мектепке катуу тартипти орнотпосо мугалимдерди шылдыңдаган окуучулар пайда болуп жатат.

Ошондой эле атайын мугалимдерди коргоо комитети түзүлөөрүн айтып, мугалимдин статусун жогорулатууну көздөөрүн билдирди.

Exit mobile version