Site icon Reporter.kg

Окуучуларга сабак учурунда телефон колдонууга тыюу салынат

Сабак учурунда окуучулардын уюлдук телефондорду колдонуусуна тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка ылайык, окуучулар уюлдук байланыш каражаттарын төмөнкү шартта гана колдоно алат:

Мындай зырылчылык болбогон учурда телефондорду колдонууга тыюу салынат. Окуучуларга мектепке кирердин алдында телефонду «үнсүз режимге» коюу сунушталат. Министрлик балдардын ден соолугун сактоо жана билимдин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунуштап жатканын билдирген.

Мектептерде телефон колдонууга тыюу салуу демилгеси буга чейин дагы көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мектептерде телефон колдонууга тыюу салууну сунуштап, бул үчүн өзүнчө шкафтар жасалышы керектигин айтып чыккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version