Site icon Reporter.kg

Окуучунун апасынан тил уккан мугалим жумуштан чыгып кеткен

Бишкекте окуучунун апасынан тил уккан №57 мектептин тарых мугалими жумуштан чыгып кеткен. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Министр Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 6-ноябрда, №57 мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айнура Сыдыкова менен жолугуп, окуянын чоо-жайын уккан. Ал мугалимге карата агрессиялык мамиле адеп-ахлактык нормаларга да сыйбай турганын белгилеп, мугалимдин укуктарын тебелөөгө жол бербөө керектигин эскерткен.

Ошондой эле Кендирбаева аталган окуядан кийин жумуштан бошонуп кеткен тарых мугалими менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын өз жумушуна кайтып келүүсүнө жардам берүүгө даяр экенин билдирген.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга №57 мектепте окуучунун апасы мугалимди урушуп, ыйлатканы тартылган видео тараган.

Министрлик мугалимди урушуп, ыйлаткан эненин жоругун сынга алды (видео)

 

Exit mobile version