Окуучунун апасынан тил уккан мугалим жумуштан чыгып кеткен

Бишкекте окуучунун апасынан тил уккан №57 мектептин тарых мугалими жумуштан чыгып кеткен. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Министр Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 6-ноябрда, №57 мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айнура Сыдыкова менен жолугуп, окуянын чоо-жайын уккан. Ал мугалимге карата агрессиялык мамиле адеп-ахлактык нормаларга да сыйбай турганын белгилеп, мугалимдин укуктарын тебелөөгө жол бербөө керектигин эскерткен. … Читать далее Окуучунун апасынан тил уккан мугалим жумуштан чыгып кеткен