Site icon Reporter.kg

Өкүлчүлүк: Чек ара аймактарынан 120 миңге жакын адам Кадамжайга көчүрүлдү

Кыргыз-тажик чек ара аймактарынан 120 миңге жакын адам Кадамжайга көчүрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал тууралуу түз эфирди маалымат берип жатып билдирди.

«Чек ара аймагына жакын жашаган тургундардын баары көчүрүлүп чыкты. Баткен жана Лейлек районунун жашоочулары Кадамжайга коопсуз жерге көчүрүлдү. Алар Сох анклавы (Өзбекстан – ред.) аркылуу Кадамжайга жеткирилди. Болжол менен 120 миңге жакын адам Кадамжайга көчүрүлдү», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version