Site icon Reporter.kg

Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда кол койгон Жарлыкка ылайык Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Эске салсак, ушул жылдын 24-майында Панкратов экономика министри кызматынан арызын жазып, отставкага кеткен.

Эмгек жолу:

1999-2006-жылдары “Ишкерлер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы;

2006-2010-жылдары “БизнесПравоИнфо” ишканасынын директору;

2010-2013-жылдары экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;

2013-2015-жылдары өкмөт башчысынын кеңешчиси, ЕАЭБ жана Бажы биримдиги боюнча адис;

2015-жылдын май айынан ноябрь айына чейин экономика министри, вице-премьер-министр;

2018-жылдын 20-апрелинен тарта экономика министри.

 

Exit mobile version