Site icon Reporter.kg

Олигарх Шаршенбек Абдыкеримов  улуу кызына күйөө издеп чыкты. Ал үчүн кастинг жарыялады

Белгилүү олигарх Шаршенбек Абдыкеримов өзүнүн улуу кызына күйөө издеп кастинг жарыялады.  Бул маалыматты “Акипресс” маалымат агенттигине жарыялаган. Ал ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары бара жаткандыктан шайлоо фондунан акча төлөгөн.

Маалыматка караганда, кастинг 19-ноябрда саат 12:00дө Нарын облусунун Ат-Башы районунда болот. Анын кызына кызыккандар Кыргызстандын жана коңшу өлкөлөрдүн эң бай адамдары экени белгилүү болгон.

Шаршенбек Абдыкеримов коомчулукта “Шаки” деген ат менен таанымал. “Аю холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү. Кыргызстанда алдыңкы бай адамдарынын катарына кирет.

Бул маалымат сайтка жарыялангандан кийин көпкө жетпей өчүп калды. Күйөө балдарга болгон талап жазылган эмес. Ошондой эле кызы тууралуу да маалымат жок.

Exit mobile version