Site icon Reporter.kg

Олимп комитети Кыргызстан курамасынын формасын көрсөттү

Улуттук Олимпиада комитети Кыргызстандын делегациясы Бээжинде өтүүчү кышкы Олимп оюндарында колдоно турган жабдууларды көрсөттү. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Спорттук кийимдердин 14 түрү бар. Алар: Оюндардын ачылыш жана жабылыш аземдерине кийе турчу форма, машыгуу костюму, кыска жана узун куртка, пальто, футболка, өтүк, кроссовка, рюкзак, кол кап, баш кийим жана байпак.

Белгилей кетсек, формалар  Улуттук Олимпиада комитетинин өнөктөшү кытайлык “Tectop” компаниясы тарабынан бекер берилген. Улуттук Олимпиада комитети “Tectop” компаниясы менен  2018-жылдан бери кызматташып келет. Кышкы Бээжин Олимп оюндарынын кийиле турчу спорттук кийим-кечектерди  2021-жылдын жайкы мелдешине даярдык көрүү учурунда эле буйрутма кылынган.

 

 

Бээжинде кышкы Олимп оюну 4-20-февраль күндөрү өтөт. Кыргызстандын атынан лыжачы Максим Гордеев катышат.

Exit mobile version