Site icon Reporter.kg

Олимпиада-2024: Айпери Медет кызы биринчи атаандашын жеңди

Айпери Медет кызы Париждеги Олимпиада оюндарын ийгиликтүү баштады.

Кыргызстандык балбан кыз 10-августта эркин күрөш боюнча мелдеште 76 килограммга чейинки салмак ченинде старт алды.

Алгач ал Кытайдын спортчусу менен беттешип, аны 4:1 эсебинде жеңди.

Медет кызы чейрек финалга чыкты, анда Ритика (Индия) — Бернадетт Наги (Венгрия) жупунун жеңүүчүсү менен беттешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version