Site icon Reporter.kg

Олимпиада-2024: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты 

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Париждеги Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.

Кыргызстандык спортчу 76 кг чейинки салмакта 1/4 финалда индиялык Ритика Ритика менен кез келди. Таймаш 1:1 эсебинде аяктап, Айпери Медет кызынын пайдасына чечилди.

Айпери Медет кызы 1/8 финалда кытайлык Вэнь Юань менен беттешип, 4:1 эсебинде уткан.

Эми кыргызстандык балбан жарым финалда америкалык Кеннеди Блейдс менен таймашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version