Site icon Reporter.kg

Олимпиада-2024: Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты 

Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу 3-августта Олимпиада оюндарында 57 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалдык беттешин өткөрдү.

Кыргызстандыктын атаандашы 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, америкалык Жамал Харви болду.

Ар бири 3 мүнөттөн үч раунддун жыйынтыгында калыстар экиге бөлүнгөн чечим менен жеңишти Мунарбек уулуна беришти.

Кыргызстандык спортчу жарым финалга чейин жетип, медалды камсыздады. Анын жарым финалдагы атаандашы азырынча аныктала элек. Анда Шудай Харада (Япония) — Хавьер Ибанес Диас (Куба) жупунун жеңүүчүсү болмокчу.

Жарым финалдык беттештер 8-августта өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version