Site icon Reporter.kg

Олимпиада-2024: Бүгүн эки кыргызстандык мелдешке чыгат

Бүгүн, 3-августта Кыргызстандын эки спортчусу Париждеги Олимпиада оюндарына катышат.

Елизавета Печерских 50 метр аралыкка эркин сүзүү боюнча алдын ала жарышта сүзсө, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыгуу үчүн күрөшөт.

3-августка белгиленген график:

Елизавета Печерских саат 11:00дө 50 метр аралыкка сүзүүгө чыгат.

Мунарбек Сейитбек уулу саат 00:00дө АКШлык боксчу Жамал Харви менен беттешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version