Site icon Reporter.kg

Олимпиада-2024: Бүгүн беш кыргызстандык күч сынашат

Бүгүн, 10-августта Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында кыргызстандык 5 спортчу күч сынашат.

Кыргызстандыктар эркин күрөш жана бокс боюнча күч сынашат.

10-августка белгиленген график

Саат 15:00дө 125 кг чейин Айаал Лазарев коло үчүн күрөшөт. Анын атаандашы — Амарвир Деси (Канада)

Саат 15:30дө 65 кг чейин, 1/8 финалда Эрназар Акматалиев — Исмаил Масукаев (Венгрия) менен беттешет.

76 кг чейин, 1/8 финалда Айпери Медет кызы — Ван Жуан (Кытай) менен күрөшөт.

Саат 23:15те коло үчүн беттешке Айсулуу Тыныбекова чыгат. Аатаандашы аныктала элек

Ал эми саат 01:47де боксчу Мунарбек Сейитбек уулу финалда Абдумалик Халоков менен беттешет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version