Site icon Reporter.kg

Олимпиада-2024: Бүгүн эки кыргызстандык спортчу күч сынашат

Париждеги жайкы Олимпиада оюндарынын жыйынтыктоочу күнүндө Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат.

Айпери Медет кызы турнирде коло байге үчүн күрөшсө, жөө күлүк Сардана Трофимова марафондо чуркайт.

11-августтун жүгүртмөсү:

12:00 марафон Сардана Трофимова

15:00 көңүл жубатуучу беттештер жана медаль үчүн күрөштөр

76 кг салмакка чейин коло үчүн таймаш

Айпери Медет кызы — атаандашы аныктала элек.

Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышты.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 6 медаль — 2 күмүш, 4 коло бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version