Site icon Reporter.kg

Олимпиада-2024: Эрназар Акматалиев алгачкы беттешинде жеңилип калды

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев алгачкы беттешинде жеңилип калды.

Ал мелдешке 65 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.

Биринчи беттеште Акматалиев азыркы дүйнөнүн чемпиону, венгриялык Исмаил Масукаев менен килемге чыгып, 11:0 эсебинде жеңилип калды.

Эгер Мусукаев финалга чыкса, Акматалиев жубатуучу беттеште коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version