Site icon Reporter.kg

Олимпиада-2024: Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштө утулуп калды

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Париждеги ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарында коло байгеге ээ боло албай калды.

Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 76 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган.

Алгачкы беттеште кыргызстандык балбан Кытайдын спортчусун жеңип, чейрек финалда индиялык атаандашынан күчтүүрөөк болду. Жарым финалдык беттеште Медет кызы америкалык Кеннеди Блэйдс менен беттешип, ага 6:8 эсебинде жеңилген.

Айпери Межет кызы коло медаль үчүн кубалык Марин Потрилле менен беттешип, ага 6:0 эсебинде утулуп калды.

Ал Олимпиада оюндарында 5-орунга ээ болуп, өз оюнун жыйынтыктады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version