Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиада оюндарындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады.
Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүүдө
Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында нигериялык Эстер Колаволе менен күч сынашты. Тыныбекова атаандашын 5:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.