Site icon Reporter.kg

Олимпиада: Амантур Исмаилов коло үчүн беттешти улантат

67kg GR - Amantur Ismailov (KGZ)

Грек-рим балбаны Амантур Исмаилов Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.

67 кг салмакта күрөшкөн Исмаилов бүгүн, 7-августта килемге чыкты.

Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, алгач грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде утту. Бирок чейрек финалда украиналык Парвиз Насибовге 6:7 эсебинде жеңилип калды.

Аны уткан украиналык балбан финалга өткөндүктөн, Исмаилов көңүл жубатуучу кармашка чыгып, коло үчүн беттешти улантууга мүмкүндүк алды.

Көңүл жубатуучу беттеш эртең, 8-августта саат 15:00до өтөт. Анда Амантур Исмаилов сербиялык Мате Немеш менен күрөшөт. Эгер аны жеңсе, коло үчүн беттешке чыгат.

Exit mobile version