Site icon Reporter.kg

Олимпиада: Бекзат Алмаз уулу чейрек финалга чыкты

Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу Париждеги Олимпиада оюндарындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады.

Ал 57 кг салмакта күч сынашууда. Алмаз уулу таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында казакстандык Мейрамбек Картбай менен күрөштү. Ал атаандашын 4:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

Чейрек финалда ал америкалык Спенсер Ли менен күрөшөт.

Exit mobile version