Олимпиада: Эрлан Шеров 1/8 финалда жеңилүү ызасын тартты (видео)

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги Олимпиада оюндарында 1/8 финалдагы беттешинде жеңилүү ызасын тартты. Шеров 90 кг салмакта күч сынашты. Ал беттешти 1/16 финалдан баштап, биринчи кармашында кубалык Иван Фелипе Силваны жеңди. . Андан соң 1/8 финалда Шеров испаниялык Тристан Мосахлишвили менен беттешип, атаандашынан жеңилүү ызасын тартып калды. Ошону менен ал Олимпиададагы мелдештен четтеди.