Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагындагы мелдештин 1/8 финалындагы жеңилүүсү боюнча комментарий берди.
Шеров беттештен кийин «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Руслан Меделбекке учкай маек берип, кармаш учурунда ката кетирген айткан.
«Бир гана нерсени айта алам. Кармашуу учурунда ката кетирдим. Ыкма жасап атканда бутумду алганга үлгүрбөй калдым. Ал мени ошондон жеңип кетти. Олимпиадага даярдык жакшы эле болгон. Эч нерсе деп актана албайм. Мындан сабак гана алам. Бүгүн медал болгон жок, бул да Кудайдын буйругу», — деди ал.
Эскерте кетсек, Эрлан Шеров 1/8 финалда испаниялык Тристан Мосахлишвилиге жеңилген.
Олимпиада: Эрлан Шеров 1/8 финалда жеңилүү ызасын тартты (видео)