Site icon Reporter.kg

Олимпиада учурунда 37 ымыркай Акжол, 15и Айсулуу деп аталды

26-июлдан 11-августка чейинки аралыкта төрөлгөн балдарга эң көп грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовдун ысмы ыйгарылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Париждеги Олимпиада өтүп жаткан учурда төрөлгөн кыздардын 15ине Айсулуу, 9у Айпери, 14ү Мээрим аталды.

Ал эми уулдарга: Жоламан — 12, Акжол — 37, Акжоламан — 2, Мунарбек — 1.

Ал эми жыл башынан бери Кыргызстанда 198 кызга Айсулуу , 118ге Айпери, 238ге Мээрим ысмы берилген. Акжолдордун саны 429, Жоламан -75, Мунарбек — 28, Акжоламан- 2.

Exit mobile version