Site icon Reporter.kg

Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 млн сом сый акы берүү. Долбоор талкууланды

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоору депутаттар — Нурбек Сыдыгалиев, Мирлан Самыйкожо, Шайлообек Атазов, Русланбек Жакышов, Тазабек Икрамов, Нурланбек Азыгалиев, Эмил Жамгырчиев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Фархад Исмаилов, Гүлшаркан Култаева, Алишер Козуев, Бахридин Шабазов тарабынан демилгеленген.

Ушундай эле аталышта дагы бир мыйзам долбоору Жусупбек Коргонбай уулу, Шайлообек Атазов, Шаирбек Ташиев тарабынан сунушталган.

Биринчи мыйзам мыйзам долбоору аркылуу чемпиондор жана байге ээлери үчүн сыйлыктардын суммаларын, ошондой эле машыктыруучуларга, врачтарга бөлүштүрүлүүчү сыйлыктардын жана пайыздардын көлөмүн бир жолку акчалай сыйлыктардын мурдагы төлөмүнөн кем эмес белгилөө сунушталууда. Ал эми экинчи мыйзам долбоору боюнча берилүүчү сыйлыктардын суммасы көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Ал эми экинчи мыйзам долбоору боюнча маалымат берген Шайлообек Атазов долбоор аркылуу берилүүчү сыйлыктардын суммасы көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Тактап айтканда, Олимпиада, Паралимпиада жана Азия оюндарында алтын медаль алгандарга 10 млн сом, күмүш медаль алгандарга 7 млн сом, коло медаль алгандарга 5 млн сом берүү сунушталууда. Андан тышкары, спортчунун акчалай сыйакысынын суммасынан башкы машыктыруучуга – 30%, улук жана жеке машыктыруучуларга – 25%, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге – 10% өлчөмүндөгү бир жолку сыйакылар белгиленген.

Талкуунун соңунда депутаттар сунушталган мыйзам долбоорлорун экинчи окууда бириктирүү зарылчылыгы айтышып, долбоорду кабыл алышты.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Токиодогу Олимпиадада кыргызстандык спортчулар эки күмүш жана бир коло байге уткан. Анда күмүш тагынган Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовго 10 млн сомдон, коло медаль алган Мээрия Жуманазаровага 7 млн сом берилген.

Кыргызстан Париждеги Олимпиада оюндарына канча жолдомо алат?  

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version