Site icon Reporter.kg

Олимпиадага карай жол. Кыргыз боксчулар лицензиялык мелдешке катышат

Кыргызстандык мушкерлер Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия ойнотулган бокс боюнча мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Таиланддын Бангкок шаарында өтүп, 23-майда башталат. Ага Кыргызстандан 6 мушкер барат.

Белгилей кетсек, бул турнирде боксчуларга Париждеги Олимпиадага лицензия алууга соңку мүмкүнчүлүк берилет. Кыргызстандык мушкерлер азырынча жолдомо ала элек.

Курама команданын тизмеси:

Башкы машыктыруучу — Төлөгөн Данияр уулу;

Улук машыктыруучу — Улан Сагынбаев;

Машыктыруучу — Беганас Султанбаев.

Exit mobile version