Бүгүнкү күнгө карата кыргызстандык спортчулар 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 4 жолдомо утуп алды. Алардын үчөө күрөштөн, бирөө сууда сүзүүдөн.
Алгачкылардан болуп лицензияны Айпери Медет кызы (76 кг) 19-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алды.
Ал эми 20-сентябрда Кыргызстандын куржуну дагы эки лицензия менен толукталды. Анын бирин сууда сүзүүдө Денис Петрашов, дагы бирөөнү балбан кыз Айсулуу Тыныбекова алды.
21-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Кыргызстан үчүн төртүнчү жолдомону алды.
Айпери Медет кызы, кыз-келиндер күрөшү (76 кг)
Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү (62 кг)
Денис Петрашов, сууда сүзүү
Акжол Махмудов, греко-рим күрөшү (77 кг)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз