Олимпиадалык оюндар COVID-19 менен болгон кырдаалга карабастан өткөрүлөт

Олимпиадалык оюндар COVID-19 менен болгон кырдаалга карабастан өткөрүлөт

Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) вице-президенти Джон Коутс келерки жылы Токиодогу Олимпиада оюндары коронавируска байланыштуу кырдаалга карабастан өтө тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Tengrinews.kz CNA агенттигине шилтеме берүү менен жазды.

Жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин Токиодо өтүшү керек болчу. Бирок, коронавирустун бүткүл дүйнөгө жайылышынан улам, оюндарды кийинки жылга калтырууга туура келген.

2021-жылга карата ар кандай сценарийлер боюнча иш-чаралардын планы даярдалып, атайын эксперттердин тобу түзүлгөнү маалымдалды.

Сурамжылоого ылайык, жапондордун көпчүлүгү оюндарды кийинкиге калтырууну же жокко чыгарууну жакташат.

Буга чейин ЭОКтун башчысы Томас Бах Олимпиада оюндары 2021-жылы өткөрүлбөй калса, аны жокко чыгарууга туура келерин айтып, бирок аны көрүүчүлөрсүз өткөргүсү келбей тургандыгын белгилеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>