Site icon Reporter.kg

Видео: Олимпиаданын жабылуу аземинде тууну Тыныбекова менен Шаршенбеков көтөрүп чыкты

Париждеги Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. 26-июлда башталган жарыштардын жабылуу аземи 11-августта болуп өттү.

Париждин түштүк тарабындагы «Стад де Франс» стадионунда өткөн жабылуу аземинде Кыргызстандын туусун балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков көтөрүп чыкты.

Бул Олимпиадада кыргызстандык спортчулар 6 медаль – 2 күмүш жана 4 коло утту. Күмүш байгени балбан кыз Мээрим Жуманазарова жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулу алды. Ал эми коло медалга Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбеков кол жеткизди. Кыргызстандан бул мелдешке жалпы 16 спортчу барган.

Медалдардын саны боюнча Кыргызстан Олимпиадага катышкан 200дөн ашык өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи.

Exit mobile version