Site icon Reporter.kg

Өлкө аймагында дем алыш күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт

Котик в снегу - фотография - https://to-name.ru/primeti/sima.htm

Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында суук жана кар жаашы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал болору тууралуу дагы эскертүү жөнөттү.

26-декабрда күндүз жана 27-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. 26-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт.

27-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 27-декабрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында 26-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, 27-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт.

Нымдуу кар зымдарга жана бактарга жабышып калышы мүмкүн. Жолдордо кар күрткүлөрү, муз тоңушу ыктымал. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттордун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Exit mobile version