Site icon Reporter.kg

Өлкө аймагында жума күндөн тарта аба ырайы кескин төмөндөйт

Жума күнү, 26-ноябрда Кыргызстанда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, 26-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын күтүлөт.

26-27-ноябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, Талас өрөөнүндө -7…-12°, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7… -12° суук болушу күтүлөт. Жалал-Абад жана Баткен облустарында -1 градустан -6 градуска чейин, Ысык-Көл ойдуңунда -8 градустан -13 градуска чейин, Нарын облусунда -10 градустан -15 градуска чейин, тоолуу райондордо — -22 … -27 ° чейин суук болот.

Exit mobile version