Site icon Reporter.kg

Мамлекеттик катчы Касмамбетовдун өкүл баласына иш козголду

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан «Кыргызское взморье» санаторийинде коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын сентябрь айында облустагы «Кыргызское взморье» санаторийинин башкармалыгына кылмыш иши козголгон.

Тактап айтканда, санаторийдин директору — Акылбек Токтобаевге, башкы бухгалтер – Жылдыз Абдыкадыровага жана жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы — Римма Ташкенбаевага Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Ишенип берилген мүлктү ири өлчөмдө өздөштүрүп алуу же ысырап кылуу) негизинде иш козголгон.

Коррупциялык схемалар боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде мамлекетке 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул коррупциялык схемалар аталган санаторий менен кызматташкан туристтик фирмалардын биринин кайрылуусунун негизинде ачыкка чыгарылган.

Reporter.kg′ге маалым болгондой, санаторийдин директору Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун өкүл баласы болсо, санаторийдин башкы бухгалтери  — Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун курсташы жана үй-бүлөлүк досу. Ал эми санаторийдин жайгаштыруу бөүмүнүн башчысы санаторийдин директору Токтобаевдин тууганы, тактап айтканда таяке-жээни болот.

«Айыпталуучулар өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып алып, коррупциялык иштер менен алектенип келишкен. Ушундай учурда өлкө жетекчилиги алардын ээлеген кызмат ордуларын карашы керек. Мындан улам алар тергөөнүн жүрүшүнө тоскоол болуп, далилдерди жок кылуу менен алектенишүүдө», — деп билдиришти редакцияга.

Кийинчерээк санаторийдин директору Акылбек Токтобаев бул маалымат боюнча комментарий берип, ага кылмыш иши козголгонун четке каккан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version