Site icon Reporter.kg

Өлкө жетекчилигинин катышуусунда 18-мартта ишембилик өтөт

18-мартта өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен республика боюнча ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ишембилик социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында жүргүзүлөт.

«Иш-чарага бардык аймактарда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version