Кыргызстанда 1-июндан баштап “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулунун өлчөмү дээрлик 50 пайызга көбөйтүлдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жарым жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.
Маалыматка караганда, 1-январдан баштап, аз камсыздуулук боюнча жөлөкпул алуучулар дээрлик 40%га чейин электр жарыгына женилдик алышты (77 тыйындан 50 тыйынга (1 кВт/саат).
Мындай жардамды республика боюнча 100 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө алып жатат.