23-27-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирди.
Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ чарбактардагы арыктарды, сел каналдарын тазалап селдин алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл экендигин билдирди.
Ошондой эле жарандарга тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болууну, кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болгон учурда токтоосуз «112» кызматына билдирүүнү эскертти.