Site icon Reporter.kg

Электр энергиянын баасы жыл сайын канча тыйынга кымбаттап турары айтылды

Кыргызстанда электр энергиянын баасы жыл сайын орточо 15%га өсөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Анын айтымында, учурда жарандар электр энериянын 1 кВт/саатына 1 сом 11 тыйындан төлөп жатат. Быйыл анын баасы 26 тыйынга, келерки жылы – 21, 2027-жылы – 24, 2028-жылы – 27, 2029-жылы – 31 жана 2030-жылы 36 тыйынга кымбаттайт.

«Жылпысынан 5 жылды алганда калк үчүн тариф жыл сайын орточо 15% өсөт», — деди ал.

Ал буга чейинки долбоор боюнча тарифти мындан көбүрөөк көтөрүү каралганын, бирок коомчулуктун пикирин эске алуу менен калкка бааны оор келбегендей көтөрүү чечими кабыл алынганын айтты.

Керимовдун эсеби менен алсак, 2023-жылы электр энергиянын баасы 2 сом 76 тыйынды түзүп калат.

Exit mobile version