Site icon Reporter.kg

Өлкөдө көмүргө болгон баа декабрдагы деңгээлде сакталууда

Январга карата көмүрдүн чекене баалары республика боюнча орточо алганда өткөн жылдын декабрынын денгээлинде сакталуу менен бир тонна үчүн 5 211,8 сомду түздү. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.

Муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн — 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 200 сом), Нарын, Кара-Балта жана Бишкек шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө карата эң жогорку баалар Ноокат (бир тонна үчүн – 7 697 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 7 426 сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн – 7 000 сом) шаарларында катталды.

«Байкоого алынган айрым калк жашоочу пункттарда көмүргө карата чекене баалардын төмөндөгөнү, мында көбүрөөк Токтогул (бир тонна үчүн – 622,6 сом), Кербен (бир тонна үчүн – 510,5 сом), Талас (бир тонна үчүн – 366,5 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 232,2 сом) шаарларында белгиленди»,- деп айтылат.

Кошумчалай кетсек, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө карата бааларды жөнгө салуу максатында, Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы №209 токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Көмүрдү төмөндөтүлгөн бааларда сатуу боюнча түйүндөрүнүн Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Ноокат (тоннасы 5 000 сом) жана Бишкек (тоннасы 3 000 сом) шаарларында катталганын белгилей кетүүгө болот.

Exit mobile version