2023 — жылы республиканын аймагында 767 телефон станциясы иштеген, анын ичинен 552си — шаар жерлеринде жана 215и-айыл жерлеринде. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Алардын маалыматында, 2011-жылы 1000 адамга 89 стационардык телефон тура келсе, 2023-жылы стационардык телефондордун саны 1000 адамга 26га чейин азайган. Учурда 186 стационардык телефон абонентти иштейт.
Акыркы 10 жылда мобилдик номерлердин саны эки эсеге көбөйүп, байланыш кызматтарынын көлөмү 2023-жылы 32 млрд.сомдон ашыкты түзгөн. Ал эми мындай кызматтардын үлүшүнө ИДПнын жалпы көлөмүндө 2 пайыз туура келген.