Site icon Reporter.kg

Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызстандын аймагында ушул жылдын 27-28-августунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

“28-29-августта абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22 градус болот», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кокту-колоттордон топтолгон селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version