Site icon Reporter.kg

Өлкөдө үч айда 8,9 млн адам такси кызматын колдонду

2024-жылдын январь-март айларында 8,9 миллион адам такси кызматын колдонду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, таксиге түшкөн жарандардын саны жыл санап өсүүдө. Өткөн жылдын биринчи үй айында 8,2 миллион жүргүнчүнү түзгөн.

Андан менен өлкөдө эң популярдуу транспорт — автобустар жана маршруткалар. Январь-март айларында 126 миллион 285 миң адам коомдук транспорт менен жүргөн.

Дагы 6 миллион 317 миң киши троллейбуска олтурган.

Үч айда 266 миң адам учак менен учкан. Андан дагы аз, 50 миң киши темир жол транспортун колдонгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version