Site icon Reporter.kg

Кыргызстандагы бардык мектептер онлайн окутууга өтөт

Республиканын бардык мектептери 24-декабрга чейин онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул өлкөдө сасык тумоо күч алганына байланыштуу. Окуучулар 16-декабрдан тарта онлайн окууга өтөт.

«Саламаттык сактоо министрлигинен сасык тумоо менен ооругандар көп катталып жатканы боюнча кат келди. Биз республиканын бардык мектептерин 24-декабрга чейин онлайн окутууга өткөрүп жатабыз», — деди министрдин орун басары Жусупбекова.

Буга чейин Кыргызстанда сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу 172 мектеп карантинге жабылганы маалымдалган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version