Site icon Reporter.kg

Өлкөнүн мектептеринде «Бир окуучу — бир көчөт» акциясы өтүүдө

Өлкөнүн мектептеринде «Бир окуучу — бир көчөт» акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Иш-чара «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында үстүбүздөгү жылдын март айында башталган.

«Акцияга ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышып, билим берүү мекемелеринин айланасына жаш көчөттөрдү отургузууда. Жашылдандыруу иштери сабактан кийин жүргүзүлүүдө», — деп.билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version