Site icon Reporter.kg

Киши колдуу болгон «Дөө Чыңгыздын» абакта машыгып жаткан видеосу

Киши колдуу болгон «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун абакта машыгып жаткан видеосу социалдык тармактарга тарады.

Ал видеодо көрүнүп тургандай, Чыңгыз Жумагулов боксердук мээлей менен машыгып жатат. Видео кайсы маалда тартылганы белгисиз.

Эскерте кетсек, былтыр 30-июль күнү Бишкектеги СИЗО-1 камералардын биринен Чыңгыз Жумагуловдун жансыз денеси табылган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аталган фактыны тастыктаган.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жеке кастык мамиленин негизинде камералашы тарабынан өлтүрүлгөн. Кылмышкер буга чейин бул фактыны моюнуна алган. Окуянын бардык жагдайлары учурда тиешелүү тергөө органдары тарабынан иликтенип жатат», — деп билдирген ЖАК. 

Андан мурда Чыңгыз Жумагулов кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган.

Кийинчерээк анын өлүмү боюнча беш адамга айып тагылып, алар Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына киргизилген. Камалгандардын ишине Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен айып тагылып, ага «Өзгөчө мыкаачылык» менен «Топтошуп, алдын ала сүйлөшүп алуу» деген 7, 16-пунктулары кошулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version