Дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү Чоң Чүй каналынан табылган Асел Жанарбек кызынын өлүмү боюнча дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы 8 айдан бери чыкпай, тергөө аяктай элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.
Эскерте кетсек, 19 жаштагы Асел Жанарбек кызы быйыл 15-февралга караган түнү саат Канттагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк анын курткасы, бут кийими, телефону Чоң Чүй каналынын жээгинен табылган.
Бир ай өткөн соң 18-мартта кыздын сөөгү Чүй каналынан табылган.
Асел Жанарбек кызы жоголгонго чейин эки ай мурда турмушка чыккан. Туугандарынын айтымында, ал жоголордон мурда күйөөсү менен урушуп кеткен.
Ошондой эле ал дайынсыз жоголгонго чейин өлүмүнө күйөөсү күнөөлүү болорун айтып, апасына аудиобилдирүү жөнөткөн.
Асел Жанарбек кызынын өлүмү боюнча 29-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков маселе көтөргөн. Депутаттын айтымында, ага маркум кыздын туугандары кайрылып, милиция чара көрбөй жатканын билдирген. Айдарбеков ички иштер министринин орун басары Эркекбек Аширхожаевге кайрылып, бул маселени көзөмөлгө алууга чакырган. Аширхожаев бул ишти көзөмөлгө аларын айткан.
Бүгүн маркум кыздын сөөгү табылганына 8 ай болгонуна карабай, экспертизанын жыйынтыгы дагы эле чыга электиги, тергөө да аяктай электиги белгилүү болду. Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, ортодо жаңы экспертизалар дайындалгандыктан, алар анын жыйынтыктарын күтүп жатышат.
«Өлүмүнө күйөөсү күнөөлүү болорун айткан». Депутат Аселдин өлүмү боюнча маселе көтөрдү