Site icon Reporter.kg

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болду

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

“Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Султанов Омар Абдыразакович Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Омар Султанов буга чейин тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version