Site icon Reporter.kg

Омикрон: Кош бойлуу аялдын дене табынын көтөрүлүшү кооптуубу?

Кош бойлуу учурда дене табынын 38-39,5 градуска жогорулашына жол бербөө керек. Бул туурасында  COVID-19 каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кош бойлуулуктун үчүнчү триместринде дарыгерлер жогору көтөрүлгөн дене табы менен 37,5 – 38 градуска жеткенде күрөшүүнү сунушташат.

Жогорку дене табы кандай кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн?

Кош бойлуулук учурунда температуранын ар кандай жогорулашы коркунучтуу, анткени бул мезгилде аны түшүрүүчү каражаттарды тандоо чектелген. Ошондуктан, болочок эне өзгөчө кылдаттык менен ден соолугуна көз салып, алдын алуу чараларын (беткап тагынуу, аралыкты сактоо, кош бойлуулуктун 22-жумасынан кийин эмдөөдөн өтүү) сактоосу керек.

Exit mobile version