Site icon Reporter.kg

Өмүрбек Бабанов камакка алынышы мүмкүнбү?

Жактоочусу Амантур Абдырахманов Өмүрбек Бабановдун кайра убактылуу кармоочу жайга камалбасын билдирди.

Анын айтуусунда, дарылануу үчүн чет өлкөгө кеткенге чейин сот анын баш коргоо чарасын өзгөрткөн. Сот Бабановду эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат менен камактан бошоткон. Бабанов тергөөчүнүн уруксаты менен өлкө аймагынан чыккан. Бабанов Кыргызстанда болот, эгерде дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгыш керек болсо, бул маселени тергөөчү менен, эгерде иши сотко өтсө, сот менен макулдашат.

Ошондой эле анын келгенине 2 күн болгонун кошумчалады. Ден соолугу жакшы, бирок калыбына келүү үчүн дарылануусун бул жакта улантаарын айткан.

Бабанов 31-майда  Кумтөр кениндеги жемкорлук иштерге айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 27-июлда чет өлкөдө дарыланып келүү үчүн бошотулган.

Exit mobile version