Site icon Reporter.kg

Өмүрбек Бабанов Кытай вакцинасы менен эмдөөдөн өттү

Мурдагы премьер-минситр Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту жеңиш үчүн жалпы вакцинациялоо керек. “Sputnik V” же “Sinopharm” менен эмдөөдөн өтүүнү ар ким өзү тандашы керек.

“Мен бизде сунушталып жаткан “Sinopharm” менен вакцина алдым. Алганыма үч күн болду, кошумча эч бир симптом байкабадым. Баарыңыздарды вакцина алууга үндөйм. Ден соолугуңуздар чың болуп, жакындарыңыздар дайыма жаныңыздарда болсун”, — деген Бабанов.

Exit mobile version