Site icon Reporter.kg

Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду

«Ата Мекен» партиясынын тарапкерлери партия лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгонун кабарлашты.

Искен Афиджанов социалдык түйүндөрдө «Консулдуктун аймагында жаңы эле Өмүрбек Текебаевге беткап кийген бейбаштар тарабынан кол салуу болду», — деп жазды.

Кол салуу тууралуу партиянын башка мүчөлөрү да кабарлашты.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул маалыматты текшерип жатканын билдирди.

Exit mobile version